Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Балбан Нурбек Кожобеков бел боо күрөшү боюнча чемпион болду


Кыргызстандык балбан Нурбек Кожобеков бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Майрамбек Атабеков билдирди.

Анын айтымында, чемпиондук 18-25-ноябрда Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өттү. Ага Кыргызстандан 17 балбан катышты. Мелдеш жыйынтыгында 90 килограммдык салмакта Нурбек Кожобеков алтын медал тагынды. Ал эми Зиямидин Садыбеков күмүш, Ислам Дуулат уулу, Нурислам Идирисов, Дуулат Момбеков, Элза Абдыкеримова жана Чыңгыз Чалабаев коло медал тагынды. Кыргызстандык балбандар командалык эсепте бешинчи орунду ээлешти. (ECh/BkA)

XS
SM
MD
LG