Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

БУУ кумсалар боюнча мыйзамга тынчсызданды


БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Жогорку Кеңешти кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун кайтырып алууга чакырды. Аталган уюмдун эксперти «бул мыйзамды кабыл алуудан мурда кыргыз бийлиги кыйноонун ар кандай түрүнө жана дискриминацияга каршы күрөштү күчөтүүсү керек» деп билдирген.

Жогорку Кеңеш кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Мыйзам долбоордо гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Улуттар Уюму ушул өңдүү мыйзам кабыл алынган өлкөлөрдүн мисалын эскертип, ал өлкөлөрдө кумсалардын укуктары бузулуп, кыйноолорго туш болуп жатканы белгиленген. «Бул мыйзам адам укуктары жаатында Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелер менен жоопкерчиликтерге каршы келет» - деп айтылат билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG