Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Депутат Төрөбековдун кол тийбестик маселесин кароо кийинки аптага калды


Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбековдон кол тийбестик макамын алуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун кароону парламент кийинки аптага калтырды. Буга Төрөбековдун жыйынга катышпай койгону себеп болду. Кылмышка шектелген депутат мүчө болгон “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Майрамкүл Тиленчиеванын айтымында, Төрөбеков учурда ооруканада жатат. Мындан улам анын маселеси кийинки аптада каралмай болду.

Өткөн айда баш прокурор Аида Салянова "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбековдун жогорку билим алгандыгы тууралуу документтери жасалма экени тастыкталганын белгилеп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен уруксат сураган.

Башкы көзөмөл органы буга чейин Төрөбековго “үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи" чинин алуу үчүн тапшырган жогорку окуу жайдын диплому жасалма экени боюнча кылмыш ишин козгогон. Депутат өзүнө тагылган айыпты четке кагып келүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG