Латвияга баруу үчүн шенген визасын ачтырууну каалаган кыргызстандыктар Бишкектеги Швейцария элчилигине кайрыла алат. Бул тууралуу бүгүн элчиликтен кабарлашты. Эреже 1-декабрдан тарта иштей баштайт. Бирок элчилик 90 күндүк виза гана бере алат, эгер улуттук виза талап кылынса, Латвиянын Астанадагы элчилигине кайрылуу керек. Бишкекте бул өлкөнүн өкүлчүлүгү жок.
Бүгүнкү күндө Швейцария элчилиги аркылуу Польша, Словения жана Эстонияга да кыска мөөнөттүү шенген визасын алса болот.
Шенген визасы бул аймакка кирген 26 өлкөгө тоскоолдуксуз кирүү укугун берет. (RK)