Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:20

Европарламент “Ислам мамлекети” тобун кескин сынга алды


Европарламент “Ислам мамлекети” радикалдык тобу жана ага байланыштуу бир катар террористтик топтор адам укуктарын системалык түрдө бузуп жатканын айтып, аларды кескин сынга алды.

27-ноябрда парламенттеги негизги саясий күчтөр кабыл алган документте “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу аялдарды уурдоо, зордуктоо жана күчтөп никеге тургузуу сыяктуу кылмыштарды байма-бай жасап жатканы белгиленген.

Парламент Ирак бийлигин Эл аралык кылмыш сотунун Рим статуту документин ратификациялоого чакырды.

Анын ратификацияланышы менен эл аралык сот “Ислам мамлекети” тобун аскерий жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тарта алат.

XS
SM
MD
LG