Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Баш прокуратура: Соттор эң коррупциялашкан орган болууда


Кыргызстанда коррупция сот болуп иштегендер арасында эң көп болууда. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура тараткан маалыматта айтылат. Былтыр тартип коргоо жана сот органдарында 142 коррупциялык факт катталган. Алардын көбү милицияга байланыштуу. Бирок аталган органдарда иштеген кызматкерлердин санына жараша бөлүп караганда соттор эң коррупциялашкан система экени анык болгон.

Быйыл жыл башынан бери сот жана күч мекемелеринде 128 жемкордук факты катталды. Эң көп кылмыш соттор арасында. Андан кийин бажы, салык, милиция, жаза аткаруу, прокуратура жана улуттук коопсуздук органдары. (RK)

XS
SM
MD
LG