Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

«Кемин» подстанциясы курулуп бүттү


Кыргызстанда 500 кВ чыңалуудагы “Кемин” подстанциясы курулуп бүттү. Бул тууралуу Улуттук электр тармактар” ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, подстанцияга керектүү жабдыктар орнотулуп, 42 чакырымга созулган электр линиялары тартылып бүттү.

“Кемин” подстанциясы “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын түйүнүнүн бир бөлүгү болуп калат. Бул түйүн курулуп бүтсө Кыргызстандын түштүгүнөн түндүк аймагына электр энергиясын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, өлкө энергетика багытында көз карандысыздыкка жетишерин бийлик билдирип келет.

Курулушу 2012-жылдын август айында башталган “Кемин” подстанциясын кытайлык ТВЕА компаниясы курду. (BkA)

XS
SM
MD
LG