Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

Парламенттин укук комитети Ошто көчмө жыйын өткөрүүдө


Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети бүгүн Ош шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө. Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жыйындын максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнө таандык мыйзамдардагы мүчүлүштүктөрдү аныктоо жана талкуулоо.

Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын ажыратуу тууралуу конституциялык жобону ишке ашыруу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүдөгү көйгөйлөрдү да талкуулоо каралган.

Кыргызстанда 25 шаар жана 459 айыл өкмөтү бар. (RK)

XS
SM
MD
LG