Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Экс-мэр Мелис Мырзакматовду камакка алуу чечими чыкты


Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовго карата кылмыш иши козголуп, камакка алуу чечими чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, экс-мэр Оштогу Навои көчөсүндөгү көпүрөнү курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир катар мыйзамдарды бузган деп айыпталууда. Буга байланыштуу 27-ноябрда Мырзакматовго сыртынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылды. Ошол эле күнү Ош шаардык соту Мырзакматовду камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда Мырзакматовго издөө жарыяланды.

Мелис Мырзакматов былтыр декабрда Ош шаарынын мэрлик кызматынан бошотулган. Учурда ал чет өлкөдө экени айтылууда.

Буга чейин көпүрө куруу ишине байланыштуу Ош шаардык мэриясынын үч кызматкерине карата кылмыш иш козголгон болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG