Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Ниязалиева: Кылмыш иш Мырзакматовдун өзүнө байланыштуу


27-ноябрда козголгон кылмыш иш "Улуттар биримдиги" партиясына карата эмес, Мелис Мырзакматовдун жеке ишине байланыштуу. Андыктан саясатчыларга козголгон кылмыш иштерге саясый боек сүртүү туура эмес. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" бийликтеги социал-демократтар партиясынан депутат Дамира Ниязалиева билдирди:

- Оппозицияда жүргөн же атаандаштарга кылмыш иши козголуп жатат дегенден алыс болуш керек. Азыр система мурункудай эмес, өзгөргөн. Шайлоо жөнүндө айтсак, Мелис Мырзакматовсуз деле партиясы күчтүү болсо утуп чыгат. Азыр партия жөнүндө кеп болуп жаткан жок, Мырзакматовдун жеке өзүнүн ишмердүүлүгүндө кетирген каталары тууралуу гана болууда. Биздин партиялаш Иса Өмүркуловго деле козголгон да.

27-ноябрда Башкы прокуратура Мырзакматовго Оштогу эстакадалык көпүрөнү курууда мыйзам бузуп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген берене менен кылмыш иш козгогону бүгүн маалым болду. Ушул эле күнү Ош шаардык соту Мырзакматовду камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда ага издөө жарыяланды.

Прокуратуранын жүйөсүндө Мырзакматовдун буйругу менен 2013-жылы эки жолу тендер мыйзамсыз өткөрүлүп, мамлекетке 27 млн сом зыян келтирилген.

"Улуттар биримдиги" партиясынын саясый кеңеши бүгүн билдирүү таратып, "Башкы прокуратура бийликке кезегинде катуу сын айткан оппозициячыл саясатчы Мелис Мырзакматовго кылмыш ишин козгоо аркылуу ага моралдык-психологиялык басым жасоого аракеттенүүдө" деди. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG