Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Жалал-Абаддагы бейтапканага казак ишкерлери генератор белек кылышты


Жалал-Абад шаарында жайгашкан Түштүк аймактык жүрөк-кан тамырлар илимий изилдөө борборуна казакстандык ишкерлер демилге кылып, 10 миң долларга генератор сатып берди. Бул тууралуу борбордун директору Калдарбек Абдраманов “Азаттыкка” билдирди.

- Генераторду казакстандык досторум белек кылышты. Азыр аны орнотуу жумуштары жүрүп жатат, эгерде толук иштеп кетсе ооруканада операцияны улантабыз, – дейт Абдраманов.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында жүрөккө операция жасалып жаткан учурда жарык өчүп калып, операцияны дарыгерлер уюлдук телефондун жарыгы менен жасашкан. Мындан улам ооруканада 1,5 айдан бери операция жасалбай келет.

Ал эми жарандар операция жасоого шарт түзүп берүү өтүнүчү менен коомчулукка жана бийликке кайрылуу жолдошкон. Илимий борбор 2011-жылы ачылып, жыл башынан бери 110 адамдын жүрөгүнө операция жасаган. (RsK)

XS
SM
MD
LG