Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Памир кыргыздары медициналык жардамга муктаж


Бул тууралуу өкмөттүк экспедиция менен Ооган Памирине барып келген дарыгерлер “Азаттыкка” билдиришти.

Дарыгер-гинеколог Индира Мырзалиеванын айтымында, аялдар эрте төрөттүн айынан илдетке көп чалдыгууда.

- Алардын көбү төрөттөн кийин кан кетип өмүрү кыйылат экен. Баланын тону калып калган учурлар да көп. Жетиле элек кыздарды турмушка бербегиле, гигиенаны сактагыла деп мүмкүн болушунча кеп-кеңештеримди айтып келдим, - деди Мырзалиева.

Дагы бир дарыгер Орозбек Муратов: “Өпкө, жүрөк-кан тамыр, кулак-мурун, муун оорулары жана витамин жетишпестиги байкалат. Сууктан баарынын колдору жарылып кетиптир. Бийик тоодогу жашоо, оор шарт жана жетиштүү тамактануунун жоктугу буга себеп. Аларда ооган бийлиги бөлүп берген дарыгер бар. Бирок ал билими орто экенин, көп илдеттин шыпаасын билбей жатканын айтты жана дары-дармеги да чектелүү экен", - деп билдирди.

Дарыгер Памир кыргыздары медициналык жардамга өтө муктаж экенин белгиледи.

Кыргызстандык экспедиция менен болгон жолугушууда Ооганстандагы Памир кыргыздары кыргыз бийлиги аларды көчүрүп кете албаса оорукана куруп берип, дарыгер бөлүүнү суранышкан. (МТо)

XS
SM
MD
LG