Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Лукашенко Орусияга нааразычылыгын билдирди


Эгер беларус өндүргөн товарларга карата Орусия киргизген чектөөлөр алынып салынбаса ага “жооп кайтарыларын” Беларус президенти Александр Лукашенко эскертүүдө.

Мындай пикирин президент Санкт-Петербургдун губернатору Георгий Полтавченко менен жолугушуусунда билдирди.

“Бүгүнкү күндө орус бийлигинин жүрүш-турушу мени капалантууда. Эгер эки өлкө ортосундагы соода алакасы жакын арада жөнгө салынбаса, биз ага реакция жасоого аргасызбыз. Бизди басынтуунун кереги жок. Биз силерге ишенмдүү дос болуп келгенбиз, боло беребиз. Бирок, биздин көңүлдү чөгөрө берсеңер мен чыдап тура албайм”,- деген Лукашенконун пикирин Рейтер агенттиги жазып чыкты.

Батыштын санкцияларына жооп катары Орусия Евробиримдиктен жана АКШдан айрым азыктарды алууга тыюу салгандан бери Беларус августтан тарта орус базарларына азык-түлүк жөнөтүүнү 15-40 пайызга көбөйткөн.

Бирок акыркы убакта Москва айрым беларус азыктарына санкция киргизген. Мисалы, ноябрдын ортосунда Россельхоз көзөмөл кызматы санитарных нормаларга жооп бербейт деп беларустун көпчүлүк комбинаттарынан эт азыктарын алуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG