Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Москвада медицина кызматкерлери митингге чыгат


Бүгүн Орусиянын Москва шаарында ооруканалардын, медициналык жайлардын жабылышына каршы митинг өтөт.

Жакында массалык маалымат каражаттарында шаардык бийлик айрым медициналык жайларды жабышы мүмкүн экенин кабарланган. Ал эми rusmedserver.com сайтында 28 медициналык жайдын иши токтоп, кызматкерлери жумуштан бошотулганы жазылган. Бош калган имараттар кандай максатта колдонулары азырынча белгисиз.

Айрым басылмаларда медицина кызматкерлер этап-этабы менен кыскартылары, ооруканаларда реформа жүрүп жатканы айтылат.

Бир нече апта мурда жүздөгөн медицина кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG