Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы келерки шайлоого көз салат


Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын токтомуна ылайык, уюмдун атайын түзүлгөн тобу келерки парламенттик шайлоого байкоо жүргүзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2015-жылдын күз айларында өтөт. Анда алгачкы жолу шайлоонун жаңы автоматташтырылган моделин колдонуу пландалууда. Демилгечилердин айтымында, автоматташтырылган система шайлоочунун бир нече жолу добуш берүүсүнө жол бербейт. Бирок ал үчүн шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу зарыл. Учурда биометрикалык маалыматын 200 миңден ашык жаран тапшырды. (TSh)

XS
SM
MD
LG