Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Аба ырайы: чукул эскертүү


30-ноябрдан 1-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары) жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.

1-декабрда Кыргызстандын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3;

Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -21...-26, күндүз -8…-13.

1-декабрда Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 0…2 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG