Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Газдын баасы бир тыйынга кымбаттады


Доллардын курсу жогорулаганына байланыштуу декабрь айы үчүн газдын баасы бир тыйынга кымбаттады. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул айда жарандар үчүн газдын баасы куб метрине 13,54 сомду, ал эми коммерциялык жана бюджеттик мекемелер үчүн 16 сом 30 тыйынды түзөт.

Мындай кымбаттоого доллардын өсүшү себеп болгон, маселен ноябрь айына тариф бекитилип жатканда бир доллар 57 сом 57 тыйынды түзгөн эле. Азыр болсо доллар 57.59 тыйын болду. Газдын баасы ай сайын доллардын курсуна жараша өзгөрүп турары алдын-ала айтылган.

Президент Алмазбек Атамбаев 31-август күнү, эгемендик салтанатындагы кайрылуусунда “Газпром” компаниясы 1000 куб метр газды 165 доллардан алып келүүгө макул болгонун айтып, газ арзандарын билдирген. Буга чейин өлкө Казакстандан 1000 куб метр газды 224 долларга сатып алчу. Ошондон кийин, октябрь айынан тарта газ арзандаган. Ага чейин калк анын бир куб метри үчүн 16 сом 35 тыйын төлөп келген.

Быйыл апрель айында “Кыргызгаз” ишканасы Орусиянын “Газпром” компаниясына сатылып, анын ордуна “Газпром Кыргызстан” ишканасы түзүлгөн. Өлкө түштүгүндө болсо 14-апрелден бери табигый газ жок.(BkA)

XS
SM
MD
LG