Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

ЖК комитети чек ара сакчысы боюнча президенттин каршы пикирине макул


Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Чек ара сакчысы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча президенттин каршы пикирине макул болду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, чек аралаш аймактарда жашаган тургундарга курал берүүнү караган мыйзам долбоорго президент Атамбаев вето койгон. Анын себеби эң биринчиден каржы маселесине байланыштуу болсо, экинчиден, жөнөкөй атуулдарга ок атуучу курал алып жүрүү укугу башка мыйзамдарда каралбаганы айтылган.

Чек арада жашаган элге курал алып жүрүүгө укук берүүчү мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш 8-октябрда кабыл алган. Чек арада жашаган элге курал алып жүрүүгө уруксат берүү демилегси депутаттар тарабынан кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек араларындагы жана Кытай менен чектешкен аймакта өткөн жылы болгон окуялардан кийин көтөрүлүп, мыйзам долбоору жазылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG