Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:45

Аба ырайы: чукул эскертүү


Чукул эскертүү:

3-5-декабарда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгил менен кар жаайт. 4-6-декабрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 7...12° суук, күндүз 1...6° суук, түштүк райондордо түнкүсүн 0...5° суук, күндүз 0...5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн 17...22°, күндүз 8…13° суук болушу күтүлөт.

Аба ырайы:

2-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7..-12, күндүз 1....6,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...5,

Баткен облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6,

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -3...-8,

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -7...-9 градус, күндүз 3...5 градус болот.

XS
SM
MD
LG