Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Бүгүн Атамбаевдин араб мамлекеттерине алгачкы расмий сапары башталат

Президент Алмазбек Атамбаевдин Сауд Араб Королдугуна, Бириккен Араб Эмиратына жана Катар мамлекетине расмий сапары 2-декабрдан 8-декабрга чейин уланат.

2-4-декабрь күндөрү мамлекет башчы Сауд Арабияда болуп, өлкөнүн жогорку жетекчилиги жана мамлекеттик кызматтагы кишилер менен жолугушат. Сүйлөшүүлөр саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелерди жандантуу жаатында болот.

Ушундай эле жолугушуу 4-6-декабрь күндөрү Бириккен Араб Эмиратында, 7-8-декабрда Катарда өтөт.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул соңку жылдардагы кыргыз бийлигинин араб мамлекеттерине жасаган алгачкы жогорку деңгээлдеги сапары болуп эсептелет. (SE)

XS
SM
MD
LG