Мындай маалыматты Нефтетрейдерлер бирикмесинин аткаруучу директору Улан Кулов “Азаттыкка” билдирди. Анын ырасташынча, декабрдын ортосунан тарта күйүүчү-майлоочу майлардын баасы арзандайт.
- Азыр 80-үлгүдөгү бензин 50 тыйынга, кышкы дизелдик отун 3 сомго арзандады. Кудай буюрса мындай арзандоолор бензиндин башка түрлөрүнө да болот, - деди Кулов.
Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү майга болгон баа 23 пайызга өскөн. Өлкө күйүүчү-майлоочу майды дээрлик Орусиядан импорттойт. (UEz)