Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабия падышачылыгындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулатиф Жумабаев “Азаттыкка” билдирди. Имараттын жерпайын түптөө каадасына ушул өлкөдө расмий сапары менен жүргөн президент Алмазбек Атамбаев да катышат. Иш-чарада Эр-Рияд шаарын өнүктүрүү комиссиясынын башкы директору Анас бин Абдулрахман Аль-Шейх кыргыз делегациясына дипломатиялык шаарча жана кыргыз элчилигинин курулушу тууралуу маалымат берет. (JAk)