Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы “Азаттыкка” билдирди. Тайхожа Гиязовго Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда Кадыржан Батыровдун уулуна үлүш жерлерди мыйзамсыз берген деген айып менен ушул жайда кылмыш иш козголуп, издөө жарыяланган. Гиязов кийинчерээк колго түшүп, 26-октябрда камакка алынган. Учурда атлган ишти облустук прокуратура тергеп жатат.
Тайхожа Гиязов Жалал-Абадда губернатордун орун басары болуп 2010-жылы апрелден сентябрь айына чейин иштеген. Ошол жылы күзүндө “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан. (UEz)