Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

KУУдагы ректор шайлоо боюнча сот башталды


КУУдагы ректор шайлоо, 18-октябрь, 2014.
КУУдагы ректор шайлоо, 18-октябрь, 2014.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Улуттук университеттин ректорун шайлоого байланыштуу сот башталды. Бирок Билим берүү министрлигинин өкүлү ишти териштирүүгө кошумча убакыт сурап, соттук кароо 5-декабрга жылды.

Ректорлукка талапкерлердин бири Нурзак Асанбеков добуш берүү жүрүшүндө мыйзам бузуулар болду, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылсын деп сотко кайрылган. Асанбековдун жүйөсүндө университеттин жүздөн ашык окутуучусу шайлоочулар тизмесине кирбей калган.

Улуттук университеттин ректорун шайлоо 18-октябрда өтүп, 15 талапкер катышкан. Жыйынтыгында 214 добуш менен Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев жеңип чыкканы жарыяланган. (UEz)

XS
SM
MD
LG