“Трансперенси Интернешнл” (TI) уюму коррупциянын деңгээли мурдагы советтик өлкөлөрдө жогоруу бойдон кала берүүдө деген бүтүмгө келди.
Жаңы изилдөөгө ылайык, 2014-жылы Кыргызстан жалпы рейтингде Орусия, Нигерия, Ливан, Иран жана Камерун менен катар 27 балл алган. Жана 136-орунга жайгаштырылды. Былтыр Кыргызстанга 24 балл тийген жана 177 өлкө ичинен 150-орунду ээлеген.
Мурдагы СССРге кирген мамлекеттердин арасынан эң көп упай – 52 Грузияга, эң аз – 17 Түркмөнстанга берилген.
Казакстанга – 28, Тажикстанга -23, Өзбекстанга -18 балл тийди.
Балкан өлкөлөрүнүн көбү 50дөн төмөн балл алышкан.
Изилдөөгө 175 өлкө тартылса, Ооганстан эң коррупциялашкандардын катарында аталып, 172-орунга жайгаштырылган.
Бир нече жылдан бери Дания коррупциянын деңгээли эң төмөн өлкө катары аталып жүрөт. Уюм жогорку аткаминерлер кызматынан кыянат пайдаланып, мамлекеттик каражаттарды өз кызыкчылыгына жумшаганда, экономикалык өнүгүү жайлап, паракорлук гүлдөп өсөөрүн белгилейт.