Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:52

Тажикстанда ири өлчөмдөгү маңзат менен кыргыз жараны кармалды


Тоолуу Бадахшан автоном облусунун аймагында Кыргызстандын 52 жаштагы жараны 17 килограмм маңзат менен кармалганын “Азаттыктын” тажик кызматы мамлекеттин күч органдарына таянып кабарлады.

Шугнан районунда колго түшкөн жарандын сумкасынан 16 баштыкчага таңгакталган маңзат табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аны Ош облусу аркылуу Орусияга алып кетүүнү пландагы аныкталган. Азырынча маңзатты кайсы жерден алганы так эмес. Тергөө иштери уланууда. (SE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG