Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Атамбаев бүгүн Бириккен Араб Эмиратына барат


Алмазбек Атамбаев бүгүн Абу-Дабиде Араб Эмиратынын премьер-министри, вице-президенти баштаган бир нече расмийлер менен жолугушууларды өткөрөт.

Кыргыз делегациясы менен жүргөн кабарчыбыздын айтымында, тараптар экономика, соода тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашат. Жолугушуунун соңунда инвестицияны кеңейтүү жана коргоо, өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык, кылмыштуулук боюнча укуктук көмөк көрсөтүү сыяктуу бир нече келишимдерге кол коюлат.

2-3-декабрь күндөрү президент баштаган кыргыз делегациясы Сауд Арабияда болуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сапар эми 6-декабрга чейин Араб Эмираттарында, 8-декабрга чейин Катар мамлекетинде уланат. (JAk)

XS
SM
MD
LG