Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Грозныйдагы атышууда өлгөндөр саны 19га жетти


Өткөн түндөн берки атышуудан Грозныйдын борборундагы базар да жабыр тартты. 4-декабрь, 2014-жыл.
Өткөн түндөн берки атышуудан Грозныйдын борборундагы базар да жабыр тартты. 4-декабрь, 2014-жыл.

Чечен лидери Рамзан Кадыров билдиргендей, МАИ бекетинде турган кызматкерлерди өлтүргөн соң Грозныйдын борборундагы имаратты ээлеп алган согушкерлерге каршы “контртеррордук операция” аяктады жана алардын кеминде тогузу жок кылынды.

Орусиянын улуттук Антитеррордук комитети билдиргендей, операция учурда он полицей да каза таап, андан тышкары 28и жаракат алды.

Согушкерлердин бул чабуулу Грозныйда акыркы бир нече жыл ичиндеги эң ири кол салуу болду.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, атышуулар бир нече унаа менен келген куралчандар өткөн түнү көзөмөл бекетте МАИнин кеминде үч кызматкерин өлтүргөндөн кийин башталган.

Орусиянын Түндүк Кавказында аркеттенген исламчыл согушкерлер колдонгон “Кавказ Центр” интернет сайтында жайгаштырылшган видео кайрылууда сүйлөгөн адам ал кол салууну Аслан Буйтукаевдин буйругу менен жасаганын айтат.

Чечен согушкерлеринин талаа командири Аслан Буйтукаев өз жактоочулары арасында Эмир Хамзат деген ысым менен белгилүү. (UE)

XS
SM
MD
LG