Мындай баа баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан “Фридом Хаус” уюму бүгүн жарыялаган баяндамада берилди.
Кыргызстанга иликтөөдө камтылган 65 өлкө ичинен 34 балл ыйгарылып, ал интернет “жарым-жартылай” гана эркин өлкөлөрдүн тизмесине кошулду.
Борбор Азиядан Кыргызстан менен катар Казакстан да “жарым-жартылай” эркиндердин арасында.
"Фридом Хаустун” баяндамасында жалпы дүйнөнү алганда интернет эркиндиги акыркы төрт жыл катары менен чектелгени айтылат.
2013-жылдын май айынан бери иликтөөгө алынган 65 мамлекеттин 36сында тескери тенденция катталган.
Чектөө айрыкча Орусия, Украина, Түркияда өзгөчө болгону байкалды. (UE)