Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:04

Украин армиясы өлкө чыгышында ок атышууну 9-декабрда токтотот


Донецктин чет жакасындагы украин аскерлери. 3-декабрь, 2014-жыл.
Донецктин чет жакасындагы украин аскерлери. 3-декабрь, 2014-жыл.

Президент Петро Порошенконун билдиргенине караганда, украин армиясы өлкө чыгышында ок атышууну 9-декабрда Минск тынчтык келишиминин шарттарына ылайык токтотот.

Порошенконун расмий сайтында жазылгандай, ок атышууну бир тараптуу түрдө токтотуу чечими бейшемби күнү коргоо министри Степан Полторак, ички иштер министри Арсен Аваков, коопсуздук чөйрөсүн тейлеген башка расмий өкүлдөр катышкан жыйында кабыл алынды.

Франс-Пресс агенттиги Порошенконун кеңсесинен аты аталбаган булактарга шилтеме жасап кабарлагандай, президенттин билдирүүсү эгер элдешүү келишимин орусиячыл жикчилер да сактаса, Украина чыгыштагы майдан тилкесинен оор куралдарын чыгарып кетүүнү 10-декабрда баштайт дегенди туюндурат.

Ок атышууну токтотуу келишимине быйыл сентябрда Минскиде кол коюлган. Ал сакталбаганы үчүн украин бийликтери менен орусиячыл жикчилдер бири-бирин айыптап келишет. (UE)

XS
SM
MD
LG