Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Эл артисти Саламат Садыкованын үйүн тоноп кетишти

Саламат Садыкова.
Саламат Садыкова.

Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова 2-декабрда үйүнөн уурдаткан 30 миң долларын таба элек. Милиция кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жатат.

- Ал акчаны чоңураак үй алсамбы деген максатта топтоп жүрдүм эле. Ошол күнү үйдө эч ким жок болчу. Күндүз эле кирип, уурдап кетишиптир. Милицияга үмүт артып отурам,- деди Садыкова.

Эл артисти айрым маалымат булактары бул окуяны “Ырчы өзүн пиар кылуу максатында чыгарды” деп жазганына нааразы болуп жатканын кошумчалады. (SE)

XS
SM
MD
LG