Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Ошто жол эрежесин сактоого арналган акция башталды


Ош шаарында 5-декабрь – эл аралык ыктыярчылар күнүнө карата жаштар тобу жол эрежесин сактоого үндөгөн акция баштады. 11-декабрга чейин улана турган иш-чараны Youth of Osh коомдук бирикмеси шаардык милиция жана мэрия менен биргеликте Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Ички иштер органдарын реформалоо программасынын алкагында уюштурууда.

Youth of Osh уюмунун кызматкери Акылай Каримова “Азаттыкка” билдиргендей, өнөктүктүн алкагында жаштар мектептин майда классынын окуучуларына жана улгайган адамдарга жолду кесип өтүүгө көмөктөшөт. Адистер ачык сабактарды уюштурат. Андан сырткары айдоочуларга эрежени сактоо боюнча кеп-кеңештер айтылат.

Ош шаары жол кыймылы эң башаламан аймак катары коомчулукта сындалып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG