Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Бишкектен Ошко уччу жүргүнчүлөр аэропортто түнөдү


Кечээ түнү Ошко уча турган 143 жүргүнчү “Манас” аба майданында бүгүн эртең мененге чейин кармалды. Алардын көбү учактын учушун күтүп аба майданында түнөгөн. Бул тууралуу жүргүнчүлөр “Азаттыкка” өздөрү кабарлашты.

Pegasus авиакомпаниясынан тастыкташкандай, учактын учпай калышына Ош аба майданындагы туман себеп болгон. Аба ырайынын бузулушунан улам Ош аэропорту учууга уруксат берген эмес.

“Эйр Кыргызстан”, Tezjet жана Pegasus авиакомпанияларынын 143 жүргүнчүсү Ошко бүгүн таңда учуп кетишкен. (UEz)

XS
SM
MD
LG