Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:42

“Центерра Голд” менен юридикалык маселелер чечиле элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” ишканасынын башчысы Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, канадалыктар менен болгон акыркы сүйлөшүүлөрдө “Кыргызалтын” менен “Центерра Голд” ортосунда юридикалык маселелер боюнча кайчы пикирлер жаралган.

- Азыр юридикалык маселелер чечилбей жатат. Ошентсе да канадалыктар менен бир топ маселелер чечилди. Азыр талаштуу маселелер боюнча эки өлкөнүн юристтери иштеп жатышат. Бирок сүйлөшүүлөр канчага созулары белгисиз.

Мамытов “Центерра” менен сүйлөшүүлөр жаңы жылга чейин аяктары арсар экенин кошумчалады.

Буга чейин вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев канадалык “Центерра Голд” ишканасы менен кыргыз тараптын биргелешкен ишканасы жыл соңуна чейин түзүлөрүн парламентте билдирген. Канадалыктар менен Кумтөрдөн түшкөн пайда теңме-тең 50 пайыздан бөлүнө турган ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөр көптөн бери аяктабай келет.

Президент Атамбаев 1-декабрда телеканалдарга курган маегинде “Кумтөрдү” улутташтыруудан башка жол калбаганын айтып, мындай абалга кептеген өкмөт менен парламентти катуу сындаган. (UEz)

XS
SM
MD
LG