Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Франция президенти Франсуа Олланд менен кездешүү учурунда эл аралык маселерге токтолуп, Орусияга каршы санкциялардан майнап чыкпай турганын ачыктады.
Назарбаев “мен Путинди коргогум келбейт, бирок Орусиянын күч-кубатын төмөн деп баалоого болбойт. Орусия – дүйнөдөгү аймагы эң чоң жана бай өлкөлөрдүн бири”, - деп Батыш Орусия менен мунасага баруусу керектигин баса белгиледи.
Назарбаевдин пикиринде, Европа Биримдигинин санкциялары Европанын, Азиянын жана башка аймактардын экномикасына терс таасирин тийгизе баштады.