5-декабрдан 8-декабрга чейин күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90,145-150 чакырымдары), Ала-Бука-Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары) Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
6-декабрда өлкө аймагында түнкүсүн, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз .... 0…5
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...+4,
Баткен облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -3…-8,
6-декабрда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8...10 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 2...4 градус жылуу болот