Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Айдаркен сымап комбинатында киреше кыскарып кетти


Мындай маалыматты «Азаттыкка» Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын апрель айында Өзбекстан өлкөнүн түштүгүнө газ берүүнү токтоткондон кийин комбинат мазут менен продукция өндүрүүгө өткөн. Бирок быйылкы жылы аталган мекеменин өндүрүшү 30 пайыздан ашык кыскарып, өндүрүлгөн продукция сатылбай кала берүүдө.

Айдаркенден өндүрүлгөн сымап Орусияга жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сатылып турган. Акимдин айтымында Украинадагы абалдан кийин Орусияга киргизилген санкциялардын таасири сымап комбинатына да тийип, продукцияны сатууга тоскоолдук жаралган.

Айдаркен сымап комбинатында 600гө жакын киши иштеп, казынага жылына 40 млн. сом салык төлөйт. Өткөн жылы 500 млн. сомдук продукция өндүрүп саткан. Комбинат 74 жылдан бери иштейт. (JsA)

XS
SM
MD
LG