Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

“Манас” аба майданында каттамдар жанданды


Бул тууралуу “Манас” аэропортунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков "Азаттыкка" маалымдады. Эртеден бери тынбай бурганактап жааган кардан улам майданга бир дагы учак коно албай жана учуп кете албай турган. Учурда аба майдандан алты учак учуп, беш учак конду.

Карыпбековдун айтымында, учурда аэропорт аймагын дагы деле калың туман каптап турат. Бирок "Манас" аба майданынын бардык техникасы, тиешелүү кызматкерлери учак аянттарын тынбай тазалашууда. Карыпбеков дагы деле каттамдар өз убактысынан бир аз кармалышы мүмкүн экендигин, анткени кар басыла электигин айтты. (TSh)

"Манас" аба майданын кардан тазалоо иштери жүрүүдө. Аэропорттун аткаруучу директору Илим Карыпбековдун видео тасмасы.
“Манас” аба майданында каттамдар жанданды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00

XS
SM
MD
LG