Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Ошко жаңы трансформаторлор келди


Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев калаага жаңы алып келинген трансформаторлорду көрүп чыгып, алар жалаң гана Ош шаарынын муктаждыгына колдонуларын айтты. Ал жаңы транформаторлор депутат, министрлердин суранычы менен башка райондорго берилип кетпей турганын көзөмөлдөөрүн убада кылды. Ай башында калаага 75 даана жогорку кубаттуулуктагы трансформатор алып келинген. Ага республикалык казынанын эсебинен 165 млн. сом жумшалган.

Өзбек газы токтогондон бери калаанын электр энегиясынын туруктуулугун камсыздоо максатында электр өткөргүчтөрү жаңыланып, жылуулук борборлорунун көбү көмүргө өткөрүлгөн. Андан сырткары электр энергиясы менен камсыздоо авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу максатында калаанын энергетикалык туруктуулугун жакшыртуу каралган. (YI)

XS
SM
MD
LG