Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Ош-Бишкек жолуна кар көчкү түштү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Ош-Бишкек унаа жолунун 133-198- чакырымдарында кар көчкү түшүп, жол жабылды. Учурда көчкүнүн көлөмү такталып, тазалоо иштери үчүн техникалар тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурдагы бороондуу аба-ырайына байланыштуу тоолуу унаа жолдордо айдоочулардын сак болуусун эскертүүдө. (TSh) 

XS
SM
MD
LG