Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Меркел Орусияны айыптады


Германия канцлери Ангела Меркел Путинди мурдагы советтик өлкөлөргө үстөмдүк кылгысы келет деп айыптады. Ал Welt гезитине курган маегинде Евробиримдикке ыктап, аны менен мамиле түзүүнү каалаган постсоветтик өлкөлөрдү Орусия кысымга алып жатат деп айтып, мисал катары Молдова, Украина жана Грузияны айтып кетти. Меркел Приднестровье, Абхазия, Түштүк Осетиядагы чыр-чатактарды, андан тышкары Чыгыш Украинадагы орустардын кийлигишүүсүн белгилеп, бул өлкөлөрдүн Европага кошулуу дымагы Орусия тарабынан түрдүү кысымдар менен коштолгонун, өткөн айда Путиндин Абхазия менен түзгөн стратегиялык келишими НАТО менен Евробиримдиктин сынына кабылганын айтып кетти. Ал ошондой эле Москва Батыш Балкандагы өлкөлөрдү саясий-экономикалык жактан көз каранды кылып, таасирин күчөтүүгө аракеттенүүдө деп айыптады.

Орусия, Казакстан, Беларус менен чогуу Бажы биримдигин түзгөн. Аталган Биримдикке жаңы жылдан тарта Кыргызстан да мүчө болуп кирмекчи.

XS
SM
MD
LG