Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Киев: 8-декабрда Орусия газды кайрадан бере баштайт


Бул жөнүндө Украинанын энергетика министри Владимир Демчишин 7-декабрда билдирип, ал үчүн “Газпромго” 378 миллион доллар которулганын айтты. Акча 6-декабрда саат экиде эсебине түшкөнүн “Газпром” тастыктады.

Украинанын “Нафтогазы” менен Орусиянын “Газпрому” октябрда кол койгон келишимге ылайык, акча түшкөндөн 48 саат кечикпей газ бериле баштоосу керек.

Орусия баа бычылбай жатат жана карыз төлөнбөдү деп июндан бери Украинага газ бербей жаткан.

Акчага муктаж Киев өкмөттүк чыгымдарды кыскартканга аракет кылып жаткан, бирок суук акчанын көзүнө карабай, өкмөттү газ сатып алганга аргасыз кылды.

XS
SM
MD
LG