Бүгүн вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин төрагалыгы алдында экономикалык тармактардын жана элдин кышка даярдык маселеси талкууга алынат. Жыйынга селектордук жол менен өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү өзүн-өзүн башкаруу органдарынын жетекчилери катышат.
Анда кышка отун-суу даярдыгы, азык-түлүк маселеси, малдын тоюту жана башка маселелер көтөрүлмөкчү.
Байкоочулар быйыл Кыргызстанда азык-түлүк бир нече эсеге кымбаттаганын, малдын тоюту жылдагыдан аз даярдалганын белгилеп келишет. Мындан тышкары Токтогул суу сактагычында суу аз чогулганына байланыштуу энергетикалык каатчылык болору да айтылууда.(ZKo)