10-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -12...-17, түндүгүндө -18...-23, күндүз -1...-6,
Таласта түнкүсүн -15...-20, күндүз 0...-5,
Баткенде түнкүсүн -6...-11, күндүз -3...-8,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...-7,
Нарында түнкүсүн -22...-27, күндүз -6...-11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26...-31, күндүз -8...-13 градус болот.
Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -2…-4 градус болот.