Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Орус газы Украинага кайра бериле баштады


Орус газы украиндерге алты айлык тыныгуудан соң берилүүдө. Украин куурларын тейлеген “Укртрансгаз” компаниясынын башчысы Максим Белявскийдин айтымында, алар эми күнүнө Орусиядан 43,5 миллион куб метр көгүлтүр от алып турушат.

Декабрь айы ичи жөнөтүлүүчү бир миллиард куб метр газ үчүн алдын ала 378 миллион доллар төлөнгөндөн кийин Украинага көгүлтүр отту бере баштаганын Орусиянын “Газпрому” да ырастады.

Кыш мезгилинде газ берилиши кепилденген үч тараптуу келишимге Орусия, Украина, Еврошаркет быйыл 30-октябрда кол койгон.

Эки өлкө бийликтеринин мурдагы президент Виктор Янукович бийликтен кулатылып, Крым аннексиялангандан кийинки тиреши газ чатагына да алып барды.

Газ берүүнү июнда токтоткон орус тарап бир нече миллиард долларлык карыз кайтарылуусун, көгүлтүр от акысы күн мурунтан төлөнүп турушун талап кылган. (UE)

XS
SM
MD
LG