Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Эшимканов фондунун сыйлыктары тапшырылды


Мелис Эшимканов атындагы коомдук фонддун журналисттер арасында өткөрүлгөн кезектеги сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул жолу баш байге "5-каналдын" "Жайлоо" долбоорунун авторлоруна тийди. Аларга акчалай сыйлык жана грамота тапшырылды.

Мындан тышкары түрдүү номинациялар боюнча бир катар башка сыйлыктар да тапшырылды.

Иш-чара Улуттук китепканада өттү.

Белгилүү коомдук ишмер, журналист, публицист Мелис Эшимканов 2011-жылы 15-сентябрда 49 жашында каза болгон. Эшимканов атындагы коомдук фонд журналисттер арасында чыгармачыл сынак уюштуруп, спорттук таймаштарды өткөрүп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG