Бул тууралуу вице-премьер-министр Валерий Диль Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөргө байланыштуу негизги келишимдин 10дон ашык пункту боюнча тараптар мунасага келе элек. Алардын негизгилери катары Диль төмөнкүлөрдү атады:
- Биз учурда экологиялык долбоорду жөнгө салуу, биргелешкен ишкананын укуктук жана башкаруу түзүмү, AMEC компаниясы берген сунуштарды аткаруу мөөнөтү жана ишканага керектүү көчмө жабдыктарды лизингге алуунун шарттары сыяктуу маселелер боюнча мунаса табышыбыз керек болуп турат, - деди Диль.
Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдө үлүш теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандумду жактырган. Эми дагы кошумча 10дон ашык келишим түзүлүп, аларды парламент жактырышы керек. Бул үчүн парламент өкмөткө 15-декабрга чейин убакыт берген.
Бүгүн парламенттин тиешелүү комитеттери сүйлөшүүнүн жүрүшү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. (BkA)