Чак Хейгел бул тууралуу бүгүн Багдадда жүргөн жеринен АКШ Сенаты ЦРУнун жашыруун сурактары боюнча баяндамасын жарыялардан бир нече саат алдыда билдирди.
Узактан бери күтүлгөн баяндама АКШнын Борбордук чалгын кызматы -ЦРУ 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин “ал-Каиданын” адамдарын Европа менен Азиядагы жашыруун жайларда суракка алганда колдонулган катаал ыкмалардын чоо-жайын ачыктайт.
Баяндамада ал катаал ыкмалар күтүлгөндөй натыйжа бербегени көргөзүлмөкчү.
Мурдараак Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест билдиргендей, адмиинстрация отчеттун жарыяланышына бир нече айдан бери даярданып келди.
Ыктымал кол салууларды алдын алуу үчүн АКШнын чет өлкөлөрдөгү жайларында коопсуздук чаралары күчөтүлдү:
- Бул баяндаманын жарыяланышы дүйнө боюнча АКШнын объектилерин жана жарандарын чоң тобекелчиликке кептеши мүмкүндүгүнүн айрым белгилери бар. Мындан улам администрация дүйнө боюнча АКШнын объектилери жайгашкан жерлерлерде коопсуздук чараларын көрдү.
ЦРУнун “ал-Каиданын” өкүлү деп шектелген 100дөн ашуун адамды суракка алуу боюнча жашыруун программасын президент Обама 2009-жылы эле токтотуп, анда колдонулган ыкмаларды “кыйноо” деп мүнөздөгөн. (UE)