Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

БУУ: Буштун администрациясы жоопко тартылсын


БУУнун терроризмге каршы күрөшүүдө адам укугун коргоо боюнча атайын баяндамачысы Бен Эммерсон Сенаттын отчетунан кийин АКШнын мурдагы президенти Жорж Буштун админстрациясы сот жообуна тартылсын деп талап кылды. Анын айтуунда Сенаттын баяндамасы “Буштун администрациясынын көрсөтмөсү менен жогорку деңгээлде уюштурулган ачык саясатты” так көрсөтүп турат.

9-декабрда Сенат ЦРУнун жашыруун сурактары боюнча баяндамасын жарыялады. Анда ЦРУнун сурак ыкмалары 2001-жылкы террордук чабуулдан кийин “ал-Каиданын” адамдарын Европа менен Азиядагы жашыруун жайларда суракка алганда колдонулган катаал ыкмалар күтүлгөндөй натыйжа бербегени айтылат. Катаал ыкмалар кармалгандарды кыйноо менен коштолгонун, бул көпчүлүк учурда ЦРУнун медперсоналдарынын эскертүүсүнө карабай жасалып келгени ачыкталган.

АКШ президенти Барак Обама ЦРУнун “ал-Каиданын” өкүлү деп шектелген 100дөн ашуун адамды суракка алуу боюнча жашыруун программасын президенттик кызматка отурары менен эле токтотуп, анда колдонулган ыкмаларды “кыйноо” деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG