Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Бишкекте Эмгек базарындагы маселелер талкууга алынат


Тегерек үстөлдө Бишкектен жүргүзүлгөн “Эмгек базарын иликтөөнүн” жыйынтыгы тууралуу маалымат берилет. Уюштуруучулардын “Азаттыкка” маалымдашынча, иликтөө Бишкектеги жумуш берүүчүлөр менен жумушчулардан жүргүзүлгөн сурамжылоого негизделген. Ошондой эле тегерек үстөлдө жумушка орношуу, анын мыйзамдуулугу, айлык акынын өлчөмү, жумушчулардын социалдык жактан корголушу жана башка маселелер ортого салынат. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат менен Эмгек, миграция министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыбек Усупбеков тааныштырат.

Иш-чарага Бишкектеги мамлекеттик жана жеке ишканалардын башчылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат.

Жаштар, эмгек жана миграция министрлиги быйыл 92 миңден ашуун кыргызстандык жумушсуз экенин билдирген. Алардын 58 миңге жакыны мекеме-ишканаларга иш сурап кайрылган. Расмий эмес түрдө жумушсуздардын саны жогорудагы көрсөткүчтөн кыйла жогору.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандагы 5 миллион 700 миңден ашуун адамдын 500 миңи, серепчилердин баамында миллиондон ашууну чет өлкөлөрдө мигрант болуп жүрөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG